Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келди

0
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алганын билдирди.


Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын алака-катышы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелери талкууланып бир катар документтерге кол коюлат.


Виктор Орбан ошондой эле 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги 11-саммитине катышат.


Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.


Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган.



Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылы августта Венгрияга иш сапары менен барган. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев проиграл Беллуччи во втором круге турнира в Роттердаме






Скрывался 12 лет: заявивший о массовых пытках в тюрьмах Сирии раскрыл свою личность

Банк России модернизировал одну из самых востребованных банкнот

Стартовал новый XIII сезон Международного инженерного чемпионата CASE-IN

Минтранс: Аэротакси может появиться в России