Казакстан Кытай менен 2,5 миллиард долларлык келишимдерге кол койду
Казак премьеринин басма сөз кызматы белгилегендей, бул документтердин кабыл алынышы Казакстандын жана Кытайдын башчылары Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзинпиндин алаканы кеңейтүү, ортодогу товар жүгүртүү көлөмүн эки эсе көбөйтүү стратегиясын бекемдейт.
Былтыркы жылы товар жүгүртүү көрсөткүчү рекорддук ченге жетип, 41 миллиард долларды түзгөн.
Бектеновдун Шанхай сапары адатта Орусиянын таасири чоң болуп келген Борбор Азияда Кытайдын таасири артып бараткандыгын айгинелейт. Аймактагы өлкөлөр Москвадан көз карандылыгын азайтуу аракетин көрүп жаткан чакта, Кытай Борбор Азия аймагындагы республикалардагы инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду каржылап, ишмердигин кеңейтүүдө.
Шанхайда өткөн инвестициялык жыйында Бектенов биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөрдү айтып берди. Кытайлык компаниялар да Казакстандагы ишмердигин, анын ичинен энергетика, автомобилдик өндүрүш тармагындагы пландарын көрсөтүштү.
Казакстан менен Кытайдын биргелешкен ишканаларыны саны бүгүнкү күндө 5 миңге жетти. (RK)