Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Министрлик мугалимдин беделин түшүрүүгө жол берилбесин билдирди

0
Билим берүү жана илим министрлиги аял киши мугалимди урушуп жатканы тартылган видео боюнча маалымат берди.


Министрлик Бишкек шаарындагы №57 мектепте тарых мугалими менен ата-эненин ортосундагы окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, “мугалимге ыдык көрсөтүү, анын беделин түшүрүүгө аракет кылуу – жол берилгис көрүнүш” деп кабарлады.


Мекеме бул окуяга байланыштуу №57 мектептин администрациясы, Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти иш алып барып жатканын, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу жасалганын кошумчалады.




Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырды.


Социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп жатканы тартылган видео тараган. Анда окуучунун апасы “мугалим баласын урушканын айтып, “300 сомумду бер” деп” акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген.


Ушул тапта өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар жана анда 118 миңге жакын педагог эмгектенет. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Янник Синнер

Первая ракетка мира Янник Синнер завел YouTube-канал






Путин поздравил патриарха Кирилла с годовщиной интронизации

“ИнтерСтрой” предлагает последние квартиры в видовом ЖК в Алуште

Власти хотят забрать часть незаконно приватизированных земель в Рузе

Последние квартиры в Ялте в сданном доме - ЖК “Вишневый сад”