Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Улуу Британияга айыл чарба иштерине каттоо башталат

0
Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору маалымдагандай, жакынкы күндөрү Британияга утурумдук айыл чарба иштерин иштөө үчүн 600 адамды каттоо башталат. Ага ылайык, онлайн каттоо 11-ноябрда саат 10:00до migrant.kg расмий сайтында башталат, 600 орун толору менен каттоо аяктайт.


Британияга айыл чарба иштерине иштөөгө катталуучу жарандын жалпы жарандык паспорту жана Gmail электрондук почтасы болууга тийиш. Жаран 18 жаштан жогору, физикалык жана психикалык жактан соо болуп, орус тилин билиши керек.



Онлайн каттоо жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу менен алектенген HOPS Labour Solutions Ltd оператору аркылуу жүрөт.


Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жарандарга чет өлкөлөрдө жумуш таап берип, жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштеп келген. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт. Ошол эле учурда лицензиясыз иштеген фирмалар да бар экени, аларга алданып калган жарандардын маселеси буга чейин парламентте да көтөрүлгөн.



Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө жумушка орношууда кыйынчылыктарга дуушар болгон жарандар +996 559 189 900 (WhatsApp) ишеним телефонуна чалып, юридикалык жана консультациялык жардам ала алышарын билдирүүдө.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Блинкова

Блинкова вылетела во втором круге теннисного турнира в Румынии






Газпромбанк Лизинг начал поставку новых автобусов в Ярославскую область

Овчинский: детский сад с бассейном в Молжаниновском районе готов на 70%

Ужасающий инцидент с выползшей на шоссе 11-месячной девочкой. Но всё закончилось хорошо

Омоложение «Роскосмоса»: Путин уволил Борисова и назначил Баканова