Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Жумгалда дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштери уланууда

0
Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кетип, дайынсыз кеткен ата-баланы издөө 6-ноябрда да уланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, издөөгө 14 адам: жети куткаруучу, бир милиционер жана жергиликтүү тургундардан алты киши чыкты.



16-октябрда Өрнөк айылынын тургуну 45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.



Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.




Өрнөк Көкөмерен суусунун жээгинде жайгашкан айыл. Көкөмерен шар агып, Тогуз-Торо районунан Нарын дарыясына кошулат. Дарыянын Жумгал району тараптан өткөн бөлүгү чоң болгондуктан адам өмүрүн алган кырсыктар катталып турат.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса