Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

АКШ: ФБР шайлоо бекеттеринде бомба катылганы тууралуу эскертүү Орусияга барып такаларын билдирди

0
5-ноябрда АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу (ФБР) бир нече штаттагы шайлоо бекеттери бомба катылганы тууралуу коркуткан кабар алышканын, алардын көбү орусиялык домендерден тарагандай экенин билдирди. Жоржия штатында кеминде эки шайлоо бекетинде эвакуациялоо жүргөнүн расмий органдар маалымдады. 


Эки бекет тең болжол менен жарым сааттан кийин кайра ачылды. Жергиликтүү бийлик штатта саат кечки жетиде шайлоо бекеттери жабылгандан кийин дагы добуш берүүнүн убактысын узартууга соттон чечим чыгартууга аракеттенип жатканы маалым болду. 


Жоржиянын мамлекетти катчысы Брэд Раффенспергер бомба тууралуу коркутуулардын артында Орусия турганын ишарат кылды. "Алар карасанатайлык кылып, бизде тынч, таза жана ачык-айкын шайлоо өтүшүн каалабаган чыгар. Алар бизди өз ара араздашууга түртүп, ошону жеңиш деп санагысы келет", - деп айтты. 


"Жоржияда муну элдин баары түшүнөрүнө ишенем. Орусия туура эмес Жоржияны тандап алды. Алар Кара деңиздеги башка вариантты [Грузиянын англисче аталышы Georgia - ред.] карашы керек", - деди Раффенспергер. 


Жоржия штаты эле шайлоо күнү жыйырмадан ашуун бомба катылганы тууралуу жалган маалымат алганын ФБРдин өкүлү Reuters агенттигине айткан. АКШнын чалгын жана коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү буга чейин Орусия менен Иранды президенттик шайлоодо киберчабуулду күчөтүп, америкалыктарды бөлүнүп-жарылууга түртүү максатында дезинформацияны жайылтканы үчүн айыптаган. 


Кремл Жоржия штатынын бийлигинин билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек. 




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Буэнос-Айрес (ATP). 1-й круг. Карбаллес Баэна встретится с Лайовичем, Дьере – с Мюллером






Прокуратура Подмосковья: на трассе М-11 в аварии двух машин погибли три человека

2G и 4G с нами надолго: обзор основных архитектур сетей операторов связи

Студентка из Пензы покорила сердца иорданцев русским языком

Гинер — о сериале про ЦСКА: «Многие вещи забываются — фильм напомнил»