Токаев Орусияны айланып өтүүчү коридорду пайдаланууга чакырды
"Түрк дүйнөсүнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн "Орто коридордун" потенциалын толук пайдалануу зарыл. Анын стратегиялык мааниси бар. Ошондуктан, жүк ташуу жолдору боюнча биргелешкен келишим түзүү зарыл. Мындай кадам туруктуу өнүгүүнү камсыздайт. Уюмдун катышуучулары бул демилгени колдойт деп ишенем", - деди ал.
Токаев мындан сырткары түрк дүйнөсүндө маалыматтык мейкиндикти түзүү үчүн биргелешкен кабелдик телеканалдар тармагын уюштуруу зарылдыгын билдирди.
6-ноябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммити “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өттү.
ТМУнун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев саммиттин алкагында кол коюлган 16 документ түрк кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошорун билдирди.
Ушуну менен уюмга 2025-жылы төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү.
Саммитке беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилери, ошондой эле уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет. (КЕ)