Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди
"Жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол тыгынын болтурбоо максатында №9 жол тейлөө мекемесинин сунушу боюнча чектөө кирди", - деп айтылат маалыматта.
Мекеме жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынарын айтты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-10-ноябрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болорун эскертти. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Жолдо автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарыл экенин эскертти. (MKt)