Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Бишкекте бычак жеген келин көз жумду, күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө

0
15-ноябрь күнү саат 7:40 чамасында Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургуну, 27 жаштагы Н. А. аттуу келин бычактан жараат алып, "Тез жардам" ооруканасына жеткирилген. Көп өтпөй каза болгон. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.



Маалыматка ылайык, ооруканага ошондой эле бычактан алган жарааты менен маркумдун күйөөсү - 34 жаштагы А. Р. аттуу адам да жеткирилген, учурда жандандыруу бөлүмүндө. Аны милиция кайтарууга алганы кабарланды.


Бул окуя милициянын реестрине катталды, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.


РИИБдин маалыматына караганда, жубайлардын экөөнү тең ооруканага туугандары жеткиришкен. Иликтеп-текшерүү иштери учурунда жубайлар чатакташканы аныкталган.




Ички иштер министрлигинин маалыматында, ушул жылдын сегиз айында 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул былтыркы сегиз айдын көрсөткүчүнөн 24,1% же 2 055 учурга көп (былтыр сегиз айда 8 512 факты катталган).



Август айынын башында президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.



Анда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо маселеси камтылган. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Вероника Кудерметова

Вероника Кудерметова вылетела с турнира в Дохе






12 компаний Тверской области приняли участие в Международной выставке продуктов

В Лыткарине началась подготовка к капитальному ремонту хирургического корпуса

Мероприятия к 80-летию Победы проходят в Кот-д’Ивуаре

Объявлена дата проведения четвертой Недели моды в Москве.