Азиз Биймырза уулу “Манас” улуттук академиясынын президенти болуп дайындалды
Тиешелүү тескемеге бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону академиянын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
28 жаштагы Азиз Биймырза уулу Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
2021-2023-жылдары Кыргыз улуттук “Манас” театрын жетектеген. Ал Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана “Даңк” медалынын ээси.
Буга чейин Академияны Манасчы, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев жетектеп келген, ал ушул жылдын июнь айында кызматтан бошотулган.
Академия "Манас" эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө үчүн 2019-жылы түзүлгөн. (MKt)