Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Кыйноолорго каршы борбор Темирлан Султанбеков 16 саат сурак бергенин билдирди

0
Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери 14-15-ноябрда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдон жана Бишкек шаарындагы штабынын башчысы Ирина Карамушкадан партиянын тарапташы Роза Түрксеверден кабар алды. Мекемеден билдиришинче, алар кармоо шарты жана кандайдыр бир кыйноолор боюнча даттанган эмес.


Темирлан Султанбеков анын кармалышында процессуалдык иш-аракеттер мыйзам бузуу менен болуп жатканын белгилеген.


“Өзүнүн айтымында, ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында 16 саат токтоосуз суракка алынган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, сурактын жалпы мөөнөтү сегиз сааттан ашпашы керек. Ошондой эле Султанбековдун ачкачылык жарыялаганына байланыштуу медициналык бригада чакырылып, анын ден соолугун текшеришти. Медициналык кароонун жыйынтыгы боюнча анын абалы канааттандырарлык”, - деп жазылган борбордун маалыматында.


Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков партиялашы Кадыр Атамбаев жана дагы бир нече адам менен чогуу 13-ноябрда Бишкек ШИИБне суракка чакырылып, бир нече сааттан кийин кое берилген. Милиция муну ал жетектеген партиянын шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинанын телефон аркылуу сүйлөшүүсү боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштырган.


14-ноябрда саат 4:30 чамасында милиция Султанбековду атасы менен чогуу кармап кеткенин Кадыр Атамбаев социалдык тармактагы баракчасында кабарлаган.


14-ноябрдын кечинде Бишкек ШИИБи маалымат таратып, Темирлан Султанбеков Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) шек саналып, кармалганын кабарлаган. Ал жетектеген партия Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтетилген.


“Социнтерн” эл аралык бирикменин эң жаш вице-президенти, Кыргызстандагы демократиянын берилген коргоочусу Темирлан Султанбековдун кармалышына тынчсыздануусун билдирди.


26 жаштагы Темирлан Султанбеков 2016-жылы Кыргызстан Социал-Демократиялык партиясына (КСДП) мүчө болгон. 2021-жылы Социал-демократтар партиясынын төрагалыгына шайланган. (TAb)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Блинкова победила Соррибес-Тормо и вышла во второй круг турнира WTA в Клуж-Напоке






Глава МВД САР: сотрудничество с Россией отвечает интересам Сирии

Подрастающие жертвы фастфуда: педиатр Юзуп объяснила, как полуфабрикаты отнимают здоровье у детей

Станет ясно 15 февраля: какая погода на Сретенье - такой и будет весна 2025 года

Переговоры о судьбе российских военных баз в Сирии продолжаются, заверил глава МВД страны