Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

1-декабрдан тарта Орусияга кирген кыргызстандыктар биометрикалык маалыматтарды тапшырат

0
1-декабрдан тарта Орусияга чет элдиктер кирип-чыккан учурда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Бул тууралуу Орусия өкмөтүнүн чечими бар экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 15-ноябрда билдирди.


Ага ылайык, кыргызстандыктар Домодедово, Шереметьево, Внуково жана Жуковский эл аралык аэропортторунда, Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Биометрикалык маалыматтарга адамдын жүзүн сүрөткө тартуу жана бармак изин сканерлөө кирет.


ТИМ кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарындагы талаптарды эске алууну жана чек ара бекеттеринде кошумча процедураларга даяр болууга чакырат.




Кыргызстандын 400 миңдей жараны Орусияда эмгек миграциясында жүргөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлаган.


Мекеменин маалыматына ылайык, быйылкы жарым жылда Орусиядан он миңге чукул кыргызстандык мигрант ар түрдүү административдик мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу сот органдарынын чечими менен чыгарылган.



2024-жылдын июнь-август айларында ар кандай себептерден улам Кыргызстандын 300гө жакын жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынып, мекенине кайтарылды. (TAb)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Роттердам (ATP). 1-й круг. Хуркач борется с Коболли, Медведев сыграет с Вавринкой, Циципас – с Майо






Фетисов рассказал историю, как русский хоккеист показал средний палец президенту США

Андрей Коршунов: кто-то поет между двух миров…

Московский суд оштрафовал музыкальный сервис Spotify на 10 миллионов рублей

Онищенко: потепление зимой способно снизить заболеваемость