Кыргызстанда ID-паспортту алуу үчүн буюртмалар онлайн кабыл алына баштады
Кайрылуу түшкөндөн кийин документтер үч күнгө чейинки убакта каралат.
Онлайн буюртма берүү 2017-жылы ишке кирген ID сериясындагы документ үчүн гана жеткиликтүү, AN сериясындагы паспортторду жаңылоо үчүн Калкты тейлөө борборуна кайрылуу керек.
Учурда паспорт алуу жана жаңылоо үчүн жарандар Калкты тейлөө борборлоруна баруусу шарт. Бул жайлардагы кезек күткөндөр көп экени көп талкууланып келет. Санариптик өнүктүрүү министрлиги калкка кызмат көрсөтүүлөрдү четинен онлайн форматка өткөрүп жатканын билдирип келет.
Кыргыз өкмөтү быйылдан баштап паспортторду "Учкун" мамлекеттик концернинде даярдала баштаганын билдирген. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан буга чейин жыл сайын чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылган.
Кыргызстанда жасалма паспортторго байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.
Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 77-орунду ээледи. Былтыр 76-катарда эле. 2024-жылга карата 10-январда жарыяланган рейтингде кыргызстандыктар 65 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген.