Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Социал-демократтар БШКга арызын шайлоо күнү бере турганын билдирди

0
Социал-демократтар партиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын партиянын талапкерлигин жокко чыгарган чечиминин үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына даттанат. Бул тууралуу партиянын мүчөсү, Бишкек шаардык кеңешине талапкер Кадыр Атамбаев 15-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.


“Мыйзамга ылайык, талаштуу чечимдин үстүнөн үч күн ичинде арыз берүүгө толук укугубуз бар жана биз бул укукту 17-ноябрда колдонобуз. Бул тууралуу биз Борбордук шайлоо комиссиясына расмий кабарлайбыз. Баса белгилей турган нерсе, БШК мыйзамга ылайык акыркы чечимин кабыл алганга чейин Социал-демократтар партиясы шайлоо бюллетенинен алынбашы керек. БШК биздин арызыбызды карап, тиешелүү чечимди кабыл алганга чейин партияны бюллетенден алып салганга мыйзамдуу негиздемеси жок”, - деп жазылган партиянын билдирүүсү катары жарыяланган текстте.




Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 14-ноябрдагы жыйынында Социал-демократтар партиясы борбор калаанын шаардык кеңешине шайлоодо талапкерлигин жокко чыгарган чечим чыгарды. Буга Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча козгогон кылмыш иши жана тергөөнүн маалыматы негиз болгон.


Бул иш боюнча партиянын лидери Темирлан Султанбеков, Бишкек шаарындагы штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевер кармалган.


13-ноябрдын кечинде социал-демократтардан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Кадырбек Атамбаев менен Темирлан Султанбеков милицияга суракка чакырылган. Алар бир нече саатка созулган сурактан кийин коё берилген.


Анын алдында партиянын Бишкек шаарындагы шайлоо штабында күч органдары тинтүү жүргүзгөн. Партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгону жарыяланган.


Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өткөнү жатат.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Кори Гауфф

Кори Гауфф проиграла Марте Костюк во втором круге «тысячника» в Дохе






Электромобили в России— названы 3 плюса для владельца

Сеть клиник «Будь Здоров» вошла в топ-100 лучших работодателей России по версии HeadHunter

ММК поделился опытом создания Центра компетенций искусственного интеллекта

Вильфанд спрогнозировал непогоду в более чем 10 российских регионах