АКШда орус-америкалык жаран биткоин уурдаганы үчүн беш жылга соттолду
Ошол кезде 71 миллион доллар, ал эми азыркы курс менен эсептегенде 10 миллиард долларга жакын каражат уурдалган окуя 2016-жылы болгон. Былтыр Лихтенштейн күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берген. Ал камакка 2022-жылдын февралында алынган.
Орусияда төрөлүп, АКШда чоңойгон Лихтенштейн менен чогуу анын жубайы Хезер Морган да кармалган. Ал да кылмышын мойнуна алган, өкүмү 18-ноябрда жарыяланат.
Тергөөчүлөрдүн айтканына караганда, жубайлар Bitfinex биржасын бузуп кирүү үчүн бир катар татаал хакердик ыкмалар менен иштешкен, алтын жана ар кандай белек карталарын сатып алып, жалган ысым колдонушкан, уурдалган акчаны Орусияга которуп турушкан. (RK)