Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Сот Султанбековду, Карамушкинаны жана Түрксеверди эки айга камакка алды

0
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.


Алардын бөгөт чарасы 15-ноябрда каралды. Соттун чечимине ылайык, үч жаран Бишкектин №1 тергөө абагында камалат.


Соттук процесстин алдында Султанбеков коюлган айыптарды четке кагып, "чындык биз тарапта" деп учкай кайрылуу жасаган.


Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, Султанбеков, Карамушкина жана  Түрксевер кармалган.


Султанбеков партиялашы Кадыр Атамбаев жана дагы бир нече адам менен чогуу 13-ноябрда Бишкек милициясына суракка чакырылып, бир нече сааттан кийин кое берилген. Милиция муну ал жетектеген партиянын шайлоо штабынын башчысы Карамушкинанын телефон сүйлөшүүсү боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштырган.


14-ноябрда саат 4:30 чамасында милиция Султанбековду атасы менен чогуу кармап кеткенин Атамбаев социалдык тармактагы баракчасында кабарлаган. Атасы кийин коё берилгени маалым болгон.


Кыйноолорго каршы улуттук борбор Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында турган Султанбеков 16 саат токтоосуз суракка алынганын, бул процессуалдык жактан мыйзамсыз экенин даттанганын билдирди.


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.


Партия бул чечим менен макул эместигин жана Борбордук шайлоо комиссиясына даттана турганын кабарлады.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Монпелье (ATP). 2-й круг. Рублев сыграет с Юбэнксом, Бублик – с Кепфером, Оже-Альяссим – с Казо






Винер о гибели легендарного хоккеиста Харламова: «Я была свидетелем того, как он, ужасно расстроенный, уехал»

Капитан полиции погиб при задержании нарушителя в Ярославской области

Мишустин попросил прекратить давление на роскомпании в Кыргызстане

«Желтый» уровень погодной опасности объявили в Москве и Подмосковье