Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Токтогул ГЭСиндеги №1 агрегат оңдолуп, ишке берилди

0

Энергетика министрлиги Токтогул гидроэлектрстанциясындагы (ГЭС) №1 гидроагрегат оңдолуп бүтүп, кошумча 60 мВт кубаттуулук менен ишке киргизилгенин билдирди. “GE Hydro” компаниясы реконструкциялоо ишин 2024-жылдын март айында баштаган..

Токтогул ГЭСи - Нарын дарыясындагы эң ири гидроэлектростанция. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жайгашкан. Суу сактагычынын көлөмү 19,5 млрд куб метр.

Токтогул ГЭСинде төрт агрегат бар. №4 агрегат 2022-жылы жана №2 агрегат 2023-жылы оңдоодон өткөн. №3 агрегат 2025-жылы реконструкцияланышы керек.

ГЭСтин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1200 мВт деп эсептелген. Соңку жаңылоолордон кийин станциянын күчү 1380 мВт жетти. Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса, анын кубаттуулугу 1440 мВт көбөйөт деп пландалган.

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 110 млн доллар жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕФСД) бөлгөн 100 млн доллар каражаттын эсебинен ишке ашырылууда. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Рахимова проиграла американке Доулхайд на старте турнира WTA в Индиан-Уэллсе






Синоптики спрогнозировали до 11 градусов тепла в Москве 9 марта

«Ганг, твои воды замутились»: жительница Новосибирска прошла ритуал Кумбха Мела

Эндокринолог Калошина: одноразовое питание может вызвать желчнокаменную болезнь

Huff Post: Игра Трампа в гольф обошлась бюджету США в 18 миллионов долларов