Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди

0
Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматында, 20-ноябрь, саат 15:30дан тартып, жүк ташуучу автоунаалардын Сосновка постунан ары өтүүсүнө уруксат берилбейт.



Мекеме чектөө канча убакытка чейин күчүндө болорун маалымдаган жок.



Мурдараак Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы Арал постунда 20-ноябрга караган түнү саат 3:30дан тарта оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилгени кабарланган. Буга жол тейлөө башкармалыгы Ала-Бел ашуусундагы жолду тазалоо, кум-шагыл себүү иштерин жүргүзүп жатканы себеп экени айтылган.



Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматында, Ош-Сары-Таш-Эркечтам автоунаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар жаап жатат, каттам бар.



Тазалоо, кум-шагыл чачуу жумуштары Өтмөк жана Төө-Ашууда да аткарылууда.



Министрлик кандай кырдаал жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен автоунаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырган.



Кыргызстандын тооолуу жолдорунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилип турат.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Даниил Медведев — в полуфинале турнира ATP, конфликт Малкома с фанатами. Главное к утру






Утверждена комплексная программа социальных проектов группы компаний «ДИАКОН» на 2025 год

Семейный клуб «Перово» приглашает на праздничный концерт

В Москве подорожал бензин

Сотрудники столичного главка Росгвардии почтили память воинов-интернационалистов