Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Бишкекте жеке мектептин имараты мамлекетке кайтарылды

0
Бишкекте жеке мектеп-комплексинин 1,6 млрд сомдук имараты мамлекетке кайтарылды.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлк объекттерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында имараттын аянты 2,8 метр чарчы, жанаша жайгашкан 1,29 га аянты менен кошо мектеп-комплекстин имараты мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирди.



Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул социалдык объект 1992-жылга чейин мамлекеттик акционердик коомдордун бирине тийиштүү бала бакча болгон. Кийинчерээк менчиктештирүү учурунда ишкана мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген.



УКМК аталган имаратта жайгашкан жеке мектеп-комплекс Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги менен ижара тартибинде өз ишин улантарын да кабарлады.



Атайын кызмат учурда мамлекетке караштуу мүлктөрдүн менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо иш-чаралары улантылып жатканын билдирүүдө.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин буга чейинки маалыматына ылайык, соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөр мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Марат Сафин

Марат Сафин тренирует Рублёва перед турнирами в Европе: подробности!






Признание в любви президента торгового дома Vena moda Austria Александра Шарапова к своей жене Светлане Шараповой, 1996 год, Москва

Дадиванк. Возрождённое и потерянное чудо. Фоторяд

На юго-востоке Москвы загорелся автомобиль, на МСД возникла пробка

Мошенники начали похищать коды доступа к "Госуслугам"