Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Беларуста шайлоо учурунда нааразылык чыгышына жол бербөө аракети көрүлүүдө

0
Беларуста бийлик оппозицияны коркутуу, элдин нааразылыкка чыгышына жол бербөө максатында күч кызматкерлеринин атайын машыгуусун уюштуруп жатканын бозгундагы оппозиция лидери Светлана Тихановская билдирди.


19-ноябрда Таллинде санаалаш өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууда ал беларус бийлигинин мындай аракетин айыптап, 26-январга пландалып жаткан президенттик шайлоодо авторитардык башкаруучу Александр Лукашенко кайрадан, жетинчи жолу жеңүүчү деп жарыяланарына тынчсыздануусун айтты.


"Коопсуздук күчтөрүнүн машыгуулары бурмалоо менен өтө турган шайлоо алдында эркин көз караштагы жарандарды басууга даярдык болуп эсептелет. Жарандарды басмырлоо күчтүүлүктүн белгиси эмес. Бул коркуп жаткандыктын белгиси. Эч кандай коркутуп-үркүтүү беларустардын эркиндикке жана демократияга болгон умтулуусун токтото албайт", — деди Тихановская.




Беларус бийлиги полиция кызматкерлеринин машыгуусу "экстремизмге жана терроризмге жол бербөө", "жарандардын мыйзамсыз иштерге жана ар кандай тартип бузууга барышын алдын алуу" үчүн өткөрүлүп жатканын айтууда.


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жарыялаган видеодон атайын беткапчап, кара кийимчен күч кызматкерлери колуна союл, калкан алып, ыктымал митингчилерди таркатууга аракет кылып жаткандай машыгуусун көрүүгө болот.


2020-жылы Беларуста оппозициянын ири нааразылык акциясы Лукашенко кайрадан өзүн президент деп жарыялап алган шайлоодон кийин тутанган. Миңдеген киши митингге чыккан. Акция күч менен таркатылып, көпчүлүгү кармалып, камакка алынган, оппозициянын лидерлери жана айрым өкүлдөрү сыртка чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бир нече киши полициянын зомбулугунан каза тапкан. Укук коргоочулар кармалгандар полициянын жана атайын кызматтын кыйноосуна кабылгандыгынын далили бар экенин айтып жүрүшөт. (RK)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Уроженка Красноярска Мирра Андреева проиграла в полуфинале Открытого чемпионата Австралии по теннису






Военкор Алехин прокомментировал предложение о проведении новой мобилизации в России

Под Волгоградом полицейские задержали пенсионера с липовыми правами

Сергей Меликов просит СК взять под контроль дело о пытках дагестанца в полиции

Вильфанд предупредил: в Якутии аномально высокие температуры