Новосибирск облустук соту 7 млн рубль акча уурдоого айыпталып, 2,5 жылга соттолгон Айнагүл Борбиеваны актады. Кыргызстандык аял жумушка баратып көчөдөн баштык таап алган. Борбиеваны ал баштыктын ээси уруулукка айыптап, сотко берген. Мигрант келин эки жылдай абакта бейкүнөө отурган.