Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Камчыбек Ташиев өзүн жана үй-бүлөсүн "коркуткан" кат алганын билдирди

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда чукул маалымат жыйынын уюштуруп, өзүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна "коркунуч келтирерин билдирген" кат алганын маалымдады.



Ал журналисттерди кагаз конвертти көрсөтүп, анын ичинде кат жазылган флешка болгонун айтты. Катта белгисиз бирөө анын өзүн жана үй-бүлөсүн өлтүрүү үчүн атайын жалданган баш кесер экенин, ал олигархтардан жана кримтөбөлдөрдөн бул тапшырманы аткаруу үчүн өтө көп каражат алганын, демек, сөзсүз түрдө аягына чыгарарын айтканын билдирди.



"Эгер эртеңки күнү мага же үй-бүлөмө бир нерсе болсо, коомчулук бул алдын ала эскертилгенин билиши керек. Мен өзүмдүн коопсуздук кызматы аркылуу иликтөө жүргүздүм. Президент да бул иликтениши керектигин айтты. Каттын ээси мага шарттарды коюп, аны аткарсам, үй-бүлөм аман каларын жазыптыр. Булардын шартынын бир тарабына менин үй-бүлөм, бир тарабына коопсуздук коюлуптур", - Ташиев.



Атайын кызматтын төрагасы кат ээлерине кайрылып, алардан коркпой турганын, өлкө үчүн иштерин, Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук, олигархтар болбосун эскертти.



УКМК төрагасынын маалыматына караганда, президентке да эки ирет кол салуу даярдалып, коопсуздук кызматы ага жол берген эмес.


20-ноябрда эрте менен УКМКнын басма сөз кызматы Камчыбек Ташиевге кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан шектүү кармалганын кабарлаган. Атайын кызмат ал “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобунун мүчөсү Руслан Дүйшеев экенин, шектүү 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагынан кармалганын билдирген.


Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.



Быйыл 23-мартта УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Баку шаарында экени аныкталып, аны кармоо тууралуу Азербайжанга кат жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Анын алдында атайын кызмат трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү делген Азербайжандын беш жаранын кармаган.



Атайын кызмат алар криминалга каршы күрөшүп жаткан бийликке кол салуу үчүн Кыргызстанга атайын келгенин белгилеп, аларды Райымбек Матраимов менен байланыштырган.



Райымбек Матраимов быйыл 25-мартта үч бир тууганы менен бирге Азербайжандын борбору Бакуда кармалып, Бишкекке алып келинген. Райымбек Матраимов 14-ноябрда абактан бошотулган.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Теннисист Даниил Медведев победил Касидита Самрея ценой ракетки






Двоих мужчин задержали в Подмосковье после кражи 300 тыс. руб. из сейфа в частном доме

Открытие завода по производству коммунальной техники в Ступино обсудили на инвестчасе

В Москве молодой человек оформил кредит на мать и отправил деньги аферистам

Седокова после расставания с Тиммой погасила его миллионный долг