Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) социалдык тармактардан атайын кызматтын төрагасына жардам сурап кайрылган эже-сиңдилер Асель жана Асыл Максатбековаларды Камчыбек Ташиев 21-ноябрда кабыл алганын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкектеги Чимкент көчөсүнүн №41 дарегинде жайгашкан үй 2023-жылы каза болгон апасынан кыздарга мураска калган. 20 жана 12 жаштагы эже-сиңдинин атасы 2005-жылы жол кырсыгынан каза тапкан.
Үй-бүлө талашка түшкөн үйдө 2001-жылдан бери жашап, 2008-жылы кыздардын апасы Давлетова турак жайды ээси Сапегинден 3000 долларга (114 000 сом болгон) сатып алган. Ал белгиленген тартипте мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрүлгөн. Бирок мамлекеттик каттоо органына жиберилгенден кийин белгисиз себептерден улам каттоо жүргүзүлгөн эмес.
Сапегин каза болгондон кийин, турак жайга анын аялы жана кызы мураскер болуп калышкан. Ушундан улам алар Асель жана Асыл Максатбековалардан үйдү бошотууну талап кылган.
УКМК бул маселеде өкмөткө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ката кетиргенин билдирди. Жыйынтыгында үйдүн жанына көп кабаттуу үй салып жаткан курулуш компания эже-сиңдилерге үч бөлмөлүү эки батир берери айтылды. Компаниянын аты айтылган жок.
20-ноябрда социалдык тармактарда Асель жана Асыл Максатбековалардын атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуусу чыккан. Алар жашап жаткан үйү талашка түшкөнүн айтып, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн. (BTo)
Гости из Калининграда знакомятся с опытом медицинского строительства Кирова
Более 1000 человек приняли участие в ежегодном благотворительном МедЗабеге
Департамент инвестиционной и промышленной политики города Москвы вместе с Минпромторгом РФ и АНО «Консорциум Медицинская техника» создадут медико-технический кластер в ОЭЗ Москвы
Врач Романенко назвала артериальное давление важнейшим показателем здоровья
Боксеры из Архангельской области представили регион на первенстве СЗФО
Заместитель прокурора Архангельской области и Ненецкого автономного округа Павел Матанцев и Уполномоченный по правам человека в Ненецком автономном округе Екатерина Жданова проведут личный приём жителей Ненецкого автономного округа
На вёслах сквозь века: из Дубны в Архангельск стартовала поморская экспедиция на ёле и карбасе
В Алтайском крае учредили уполномоченного по борьбе с «болью и страхами» населения