Бишкекте автогаз тартыштыгы байкалууда
“Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Азаттыкка” бул маселе бир апта мурун башталганын, азыр абал жөнгө салынып калганын билдирди. Анын сөзү боюнча, Орусияда газ ташыган вагон цистерналар жетишсиз болуп жаткандыктан Кыргызстанда автогаз тартыштыгы жаралган.
“Азыр тиешелүү көлөмдөгү автогаз келип жатат. Маселе чечилип калды. Дүйшөмбүгө чейин толук калыбына келип калат”, - деди ал.
Быйыл жай айларында да ушундай эле көрүнүш болгон. Анда да Орусияда газ ташыган вагон цистерналар жетишсиз болуп жатканы айтылган. Жайында май куюучу бекеттердин кээ бирлеринде көгүлтүр отун таптакыр калбай калса, айрымдарында автоунаалардын кезеги узарган.
Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, 1-июнга карата борбордо 416 миң 837 автоунаа катталган. Мындан тышкары шаарга кирип-чыккан машинелер менен кошо Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт жүрөт. (BTo)