"Бүтүн Кыргызстандын" тарапкери, Орусияда кармалган Турду Акматалиев Кыргызстанга алып келинди
Анын айтымында, Турду Акматалиевди Орусиянын күч түзүмдөрү Красноярск шаарынан быйыл 22-мартта кармаган. 28-октябрда Кыргызстанга алып келинген. Сурак учурунда тергөөчүлөр Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалганын айткан.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327- ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") беренеси менен айып тагылган.
Бул маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук соту тастыктап, 31-октябрда бөгөт чарасы каралып, 30-ноябрга чейин камакка алынганын билдирди.
Жакындарынын айтымында, 63 жаштагы Турду Акматалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгон. Ал 2017-жылдан бери Орусияда курулуш тармагында эмгектенип жүргөн.
Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып келет. (MKt)