Иран Батышка жооп катары өзөктүк программасын кеңейтерин билдирди
35 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган МАГАТЭнин башкаруучу кеңеши бейшемби күнү резолюция кабыл алып, Иранды эл аралык агенттик менен кызматташууну жакшыртууга жана жазга чейин өзөктүк программасы боюнча толук маалымат берүүгө милдеттендирген.
Резолюциянын тексти Батыш державалары тарабынан сунушталган. Бул Тегеранга өзөктүк программасын өнүктүрүүгө жаңы чектөөлөрдү киргизүү боюнча сүйлөшүүлөргө тартуу максатында басым жасоо аракети.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, шайланган президент Дональд Трамп январь айында кызматка киришкенден кийин мындай сүйлөшүүлөрдү колдойбу же жокпу, белгисиз бойдон калууда.
Иран өзүнүн өзөктүк технологияларын өнүктүрүү багытындагы аракеттерине каршы резолюцияларга такай нааразычылык билдирип келет.