Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Курулуш агенттиги Asia Mall соода борборуна эскертүү берди

0
Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкектеги Asia Mall соода борборуна унаа токтотуучу жайга мыйзамсыз соода түйүндөрүн курууга тыюу салып, унаа токтотмону тазалоону буйруду. Аталган агенттиктин башчысы Нурдан Орунтаев "Кактус" басылмасына билдиргендей, соода борборуна унаа токтотуучу жайды курулуштардан тазалоого беш күн убакыт берилген.



"Биздин агенттиктин атынан соода борборуна беш күн ичинде унаа токтотуучу жайды түрдүү курулуштардан тазалап, мурдагы - унаа токтотуучу жай катары калыбына келтирүү тууралуу эскертүү берилди. Минтип өзгөртүү мыйзамсыз", - деген Орунтаев.



Социалдык тармактарда Бишкектеги Asia Mall соода борборунун жер төлөсүндөгү автоунаа токтотуучу жайга соода борборлору курулуп жатканына нааразылыктар айтылган.



Бишкектеги Asia Mall соода борборунун ээси - мурдагы премьер-министр, экс-депутат Өмүрбек Бабанов. Ал 2016-жылы Asia Mall соода борборунун курулушун аяктоо үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 17 млн доллар насыя алганын билдирген. 




Жогорку Кеңештин депутаттары, айрым ишкерлер бул үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун "фонддун уставына каршы келген чечим кабыл алган, каражат экономиканын приоритеттүү секторлоруна гана берилиши керек болчу" деп сындашкан.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев прекратил сотрудничество с тренером Симоном






В Москве совершено покушение на главу Федерации бокса ДНР

СК: ведутся поиски причастного к взрыву ЖК «Аллые паруса» в Москве

«Русский стандарт»: курс доллара в первую неделю февраля составит 98-100 рублей

В Подмосковье впервые реализован новый подход к восстановлению объектов культурного наследия