Абактагы Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына дээрлик 10 күн болду
Ал Темирлан Султанбековдун ден соолугун тергөө абагынын медицина кызматкерлери утур-утур текшерип жатканын, дарыгерлер акыркы жолу караганда дене табы 36 градуска түшүп кеткенин айтышканын кабарлады.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.
Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрдан бери ачкачылык кармап жатат.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)