Байсалов мамлекеттик медианы өкмөттүк түзүмдөр мокотконун айтты
“Бир адамдын сүрөтүн басабыз, өкмөттүк органдардын гана пресс-релизин жарыялайбыз деп жатып мамлекеттик маалымат каражаттардын ролун төмөндөтүп алдык. Мен бул үчүн анда иштеген журналисттерден кечирим сурайм. Мындан соң мындай мамилени өзгөртүүгө аракет кылышыбыз керек”, - деди Байсалов.
Вице-премьер буга чейинки аймактардагы гезиттерди жабуу чечими туура эмес болгонун белгилеп, аз нуска менен чыкса да, гезиттер калышы керектигин кошумчалады.
22-ноябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына арналган медиа форум өтүп жатат.
Иш-чарада “Эркин Тоо” гезитинин түптөлүшүн чагылдырган видеоролик көрсөтүлүп, “Кыргыз журналистикасынын тарыхына сереп салуу” аттуу сүрөт көргөзмө тартууланды.(ZKo)