Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жер силкинди
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 чейин сезилген.
Баштапкы маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Кыргыз-тажик чек арасында күчү очогунда 3,5 баллдык силкинүү 20-ноябрь күнү катталган.
Октябрь айында Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жер бир нече ирет силкинди. Анын ичинде 21-октябрга караган түнү да кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. (ZKo)