17 жаштагы Дарьянын өлүмү боюнча ишти прокуратура көзөмөлүнө алды
Башкы көзөмөл органы тергөөчүлөр жетиштүү далилдерди чогултуу үчүн ыкчам чараларды жана тергөө аракеттерин жүргүзүп, бир катар маанилүү экспертизаларды дайындашканы айтылды.
Бишкектеги №6 мектеп-гимназиясынын 11-классында окуган Дарья Попова 30-октябрда сабакка бараткан жолдо жоголуп, кечинде сөөгү Бишкектин четинен табылган. Ал бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” жана “Адам өлтүрүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Дарья Попованын өгөй атасы Евгений аттуу адам 30-октябрда Ысык-Көл облусунан шектүү катары кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Ал өзүнө кол салганга аракет кылганы кабарланган.
Башкы прокуратуранын 2023-жылдагы расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220сы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган. (BTo)