Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бюджетин колдоого 50 млн доллар берет

0
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бюджетине 50 млн долларлык колдоо көрсөтөт. Анын 43 млн доллары насыя, 7 млн доллары грант түрүндө берилет.


“Ынтымак Ордодон” билдиргендей, каржылык колдоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.


2024-жылдын 4-июлунда кол коюлган “Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы” деп аталган насыялык жана гранттык макулдашуу түзүлгөн. Аны ратификациялоо мыйзамын Жогорку Кеңеш 13-ноябрда кабыл алган.


Келишим боюнча, ал каражат түздөн-түз республиканын бюджетине жөнөтүлөт. Аны Министрлер кабинети Жогорку Кеңеш менен макулдашып өздөштүрөт.


Финансы министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылына карата Кыргызстандын Азия өнүктүрүү банкына 710 млн доллардан ашуун карызы бар. Бул өлкөнүн тышкы карызынын 16% жакын. (KbA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Марсель (ATP). 1/4 финала. Чжан сыграет с Бергсом, Медведев встретится со Штруффом






Директор РГБ представит эксклюзивные книжные лоты на благотворительном аукционе

Председатель Леонов: за решеткой социальный статус не имеет значения

Суд арестовал имущество Блиновской на десятки миллионов рублей

Частные инвесторы переключились с квартир на коммерческие помещения в ЖК