Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Кыргыз өкмөтү жасалма интеллектти өнүктүүгө көңүл бурат

0
Кыргыз өкмөтү жасалма интеллект доорунда жарандардын жеке маалыматтарын коргоого, алгоритмдердин ачыктыгына жана тобокелдиктерди азайтууга өзгөчө көңүл бурат. 


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт мүчөлөрү жана президенттик администрациянын кызматкерлери үчүн жасалма интеллектти өнүктүрүү темасында уюштурулган лекцияда сүйлөп жатып “бул принциптер улуттук стратегиянын негизин түзөрүн, ал технология ар бир кыргызстандыктын жыргалчылыгы үчүн иштешин камсыз кылууга багытталганын” билдирген.


Дүйнөдө жасалма интеллектти улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ишке ашыра алган мамлекеттер келечектин лидери болуп жатканын эске салып, Кыргызстанда да андай мүмкүнчүлүктөр бар экенин айткан.


“Санарип мамлекеттик инфраструктурасы, электрондук кызматтарды өнүктүрүү, суперкомпьютердик долбоорлор жана кыргыз тилдүү чат-ботту түзүү – мунун баары технологиянын улуттук иденттүүлүктүн бир бөлүгүнө айланып баратканынын мисалдары. Санариптик өкмөт эми кыял эмес, реалдуулук. Министрлер кабинети электрондук документ жүгүртүүнү колдонот, бул бизге тонналаган иш кагаздарын жана эң негизгиси убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берди. Көптөгөн маселелер тез арада чечилет. Жакында эле электрондук форматтагы тескемеге кол койдум”, - деди Жапаров.


Жапаров бүгүнкү күндө жасалма интеллект жаңы уникалдуу жумуш орундарын түзүүгө, жашоонун сапатын жакшыртууга жана маданий мурастарды сактоого жардам берерин, ал функционалдык гана эмес, тилдин жана салттын кайра жаралуусунун символу боло аларын белгилеген.


Анын айтымында, быйылкы окуу жылында IT адистиктери боюнча бюджеттик орундардын квотасы 500дөн 4 миңге чейин көбөйтүлгөн. (KbA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина установила рекорд в матче с чемпионкой Australian Open






Голосование в условиях строгой секретности: как выбирают Папу Римского

Что за «зеленые облигации» выпустит мэрия Якутска

Скончался иранский актер Манучехр Вализаде

Эксперт рассказал, вернутся ли западные компании на российский рынок