Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Өзбекстанда кол салуу жаңжалына байланыштуу бир катар жетекчилер кызматтан алынды

0
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовду 23-ноябрда өкмөттүн жыйынында кызматтан алды.



Мындай чечимге эмне себеп болгону расмий кабарланган жок. "Озодлик" радиосунун булактары билдиргендей, президенттин бул чечими Министрлер кабинетинин чукул жыйынында кабыл алынган. Буга президенттик администрациянын мурдагы башчысы Комил Атажановго кол салуу түрткү бергени айтылууда. Бир күн мурда Ички иштер министрлигинин, өкмөттүн, Коопсуздук кызматынын бир катар жетекчилери кызматынан алынган.



Азизовдун ордуна Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп Баходир Курбанов дайыдалганы кабарланды. Ал 2019-жылдын февралынан бери өлкөнүн коргоо министринин орун басары болуп иштеп келген. Бул кызматка ал жаңы чакырылыштагы депутаттардын макулдугу жана президенттин буйругу менен бейшембиде дайындалган.


Баходир Курбановдун дайындалганы расмий жарыялана элек.


Быйыл 26-октябрга караган түндө Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам Комил Алламжановдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан. “Озодлик” өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, машинеде Комил Алламжонов жана анын айдоочусу болгон. Экөө тең жабыркаган эмес. Кийинчерээк бул окуяга катышы бар деген себеп менен үч киши кармалганы кабарланган.




Президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы деп саналган 40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип жатканын, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан.



Бирок кызматтан кетүү себебин ачыктаган эмес.




 


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Джокович объяснил, почему бойкотирует интервью на корте AO






Студентка коломенского вуза стала лучшей на международной научной конференции

В Московском метро был замечен исламист с халяльной газетой: русский мужик заметил это, попытка агитации закончилась бегством

Новые взрывы прогремели в Казани 20 января на фоне объявленной воздушной тревоги

Дзюдоисты из Пущино прошли отбор для участия в Первенстве ЦФО