Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Президент Жапаров Австрияга расмий сапары менен жөнөп кетти

0
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-ноябрда расмий сапар менен Австриянын баш калаасы Венага жөнөп кетти. Президенттин басма сөз кызматы жекшемби күнү билдиргендей, Жапаров Венада Австриянын федералдык президенти Александер Ван дер Беллен, федералдык канцлер Карл Нехаммер, ошондой эле Австриянын Улуттук кеңешинин төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өткөрөт.



Бул Садыр Жапаровдун президент катары Борбордук Европадагы бул өлкөгө жасаган биринчи расмий сапары. Анын алкагында Австрия менен Кыргызстандын кызматташтыгын "мындан ары кеңейтүү пландары" талкуулана турганы расмий билдирүүдө айтылат. Венада Австрия менен кандай келишимдерге кол коюлары расмий кабарланган жок.



Июнь айында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Австрияга иш сапары менен барып келген. Ал Венада Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун талкуулаган Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышкан. Кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен уюштурган бул форумда аталган ГЭСти куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлгөнү кабарланган.



30-октябрда Венада Кыргызстан менен Австриянын экономикалык байланыштары боюнча биргелешкен комиссиянын жыйыны да өткөн. Анда тараптар өз ара товар жүгүртүүнү жана Австриядан түз инвестицияны көбөйтүү жолдорун талкуулашкан.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Людмила Самсонова легко обыграла Павлюченкову на старте турнира WTA-1000 в Дубае






Разведданные из России способны спасти Дональда Трампа? СЕНСАЦИЯ! Новости. В.В. Путин, Д.А. Медведев, Илон Маск, Дональд Трамп. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

В Москве состоялась зрительская премьера драмы «Кончится лето» с Юрой Борисовым

Эксперт назвал среднюю зарплату таксиста в Москве

Эксперты рассказали о снижении интереса россиян к квартирам с готовой отделкой