Жалал-Абад облусунда он айда 15 өспүрүм өз жанын кыйды
Суицидге барган балдардын айрымдарынын ата-энелери миграцияда жүргөнү аныкталган.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев Кыргызстанда 2024-жылдын 10 айында 75 өспүрүм өз жанын кыйганын айтты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда төрт учурга аз.
Балдар арасындагы суицид тууралуу кабарлар көп тараганы менен анын себептерин талдаган иликтөөлөр дээрлик жок. (TB)