Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Ноокатта милициянын алты кызматкери пара алууга шек саналып кармалды

0
Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видеого байланыштуу Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери (М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т.) жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы (М.Н) кармалды.


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлап, алар соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынганын билдирди. Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып тагылууда. Тергөө иштери уланып жатат.


Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.


20-ноябрда социалдык тармактарда Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканы көрсөтүлгөн.


Видео Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын ошол учурдагы жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкандан кийин чыккан.


Кийин Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулуп, Талгат Өскөналиев кызматынан төмөндөтүү менен жумуштан алынган. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Блинкова победила Соррибес-Тормо и вышла во второй круг турнира WTA в Клуж-Напоке






Путин исключил губернатора Карелии из Государственного совета

Shot: У актера «Звезды пленительного счастья» Стриженова случился инфаркт мозга

" В России есть вера": священник-ассириец из США переехал на Дон

Прохор Шаляпин выпустил сингл совместно с нейросетью