Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Ташиев ага коркутуу катын таштап кеткен адам кармалганын айтты

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан катты таштап кеткен адам видео-камералардын жардамы менен табылганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 24-ноябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты.


“Ушунун (ред: видео-камералардын) жардамы менен аныктадык. Милиция кызматкерлери менен биздин кызматкерлер (ред: УКМКнын) артынан жүрүп отуруп таап чыгышты. Ар бир баскан жерин мүнөтүнө чейин карап чыгышты”, - деген Камчыбек Ташиев кармалган адам ким экенин айткан жок.


Камчыбек Ташиев 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына чукул басма сөз жыйынын уюштуруп, өзүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна “коркунуч келтирерин билдирген” кат алганын билдирген.




 


Ал журналисттерди кагаз конвертти көрсөтүп, анын ичинде кат жазылган флешка болгонун айткан. Катта белгисиз бирөө анын өзүн жана үй-бүлөсүн өлтүрүү үчүн атайын жалданган баш кесер экенин, ал олигархтардан жана кримтөбөлдөрдөн бул тапшырманы аткаруу үчүн өтө көп каражат алганын, демек, сөзсүз түрдө аягына чыгарарын айтканын билдирген.


Буга чейин УКМКнын төрагасынын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов да катты жазгандардын бири шектүү катары кармалганын жарыялаган.


Президент Садыр Жапаров 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кайтарууну күчөткөн. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина вылетела из топ‑10 рейтинга WTA, Павлюченкова поднялась на девять позиций






Интервалы движения на Замоскворецкой линии увеличили из-за человека на путях

Столичные росгвардейцы задержали мужчину, подозреваемого в неудачной попытке ограбления

Театр «МОСТ» вновь откроет «Книгу судеб»

Столичные росгвардейцы выявили автомобиль, находящийся в розыске