Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Өзбекстан: Алламжоновго кол салуу аракетине шектүү жети кишинин бешөө камакта экени кабарланды

0
Өзбекстандын президенттик администрациясынын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси, президенттин улуу кызынын өнөктөшү деп айтылып жаткан Комил Алламжоновго кол салуу аракетине шектелгендер бүгүнкү күндө жети адам экенин 25-ноябрда өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.


Мекеменин маалыматына караганда, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында жети киши аныкталды, алардын бешөө кармалды, калган экөөнө издөө жарыяланды.




Тергөө иштери жеринде жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн автомашиналары текшерилип, алардын жашаган жери тинтүүгө алынып, тийиштүү далил буюмдар алынганы маалымдалды.


Шектүүлөрдүн бири Казакстанда жашынып жүргөнү аныкталып, аны менен тергөө амалдары жүргүзүлдү.


Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланып, Түштүк Кореядан кармалган Жавлон Юнусов аттуу шектүү Өзбекстанга экстрадицияланды.


Окуя 26-октябрда борбор калаа Ташкентте болгон, белгисиз бирөөлөр Range Rover машинасын аткылаган, эч ким жабыркаган эмес. Буга байланыштуу жүрүп жаткан тергөөгө жакын булактар билдиргендей, кол салгандар бутага Өзбекстандагы таасирлүү саясий ишмер, президенттик үй-бүлөнүн, тагыраак айтканда, мамлекет башчы Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёеванын өнөктөшү катары белгилүү Алламжоновду алышкан.


40 жаштагы Алламжоновду президент Мирзиёевдин башкы кеңешчиси жана анын кызы Саида Мирзиёеванын насаатчысы деп атап келишкен. 2018-2022-жылдары ал президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана жалпы коммуникация агенттигинин директору болуп иштеди. 2022-жылы администрациянын башчысынын коомдук пикирди изилдөөгө жана маалыматтык саясатына жооптуу орун басары болуп дайындалган. Кийин администрациянын Маалыматтык саясат департаментин жетектеп, бул кызматтан быйыл сентябрь айында кеткен. Алламжоновдун кызматтан кетиши башка ишке өтүү катары көрсөтүлгөнү менен башкаруучу үй-бүлөнүн ичиндеги ажырымдын белгиси катары мүнөздөлүүдө.


Өзбекстанда ок атуу жаңжалынан улам бир катар жетекчилер кызматтан алынды. Мындай чечимге эмне себеп болгону расмий кабарланган жок. "Озодлик" радиосунун булактары билдиргендей, президенттин бул чечими Министрлер кабинетинин чукул жыйынында кабыл алынган. (RK)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Павлюченкова

Теннисистка Павлюченкова заработала больше всех из россиян на Australian Open






Владимир Прокопьев: мы жили с мыслью, что завтра будет лучше

Евгений Первышов поздравил тамбовских студентов с праздником

Эстонская православная церковь подала заявление на регистрацию нового названия

Трагедия на Красной Пресне: Анна Назарьева госпитализирована с тяжелыми травмами