Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Литвада жүк ташуучу учак кырсыкка кабылды

0
Литвада жүк ташыган учак кырсыкка кабылып, кеминде бир адамдын өмүрү кыйылды. Учак  25-ноябрда эртең менен борбор калаа Вильнюстун аэропортуна конор алдында кыйраганын жергиликтүү бийлик билдирди.


DHL компаниясына таандык учак эки кабаттуу турак үйдүн жанына түшкөнү, ал жерде өрт чыкканы, учак ичиндеги төрт кишинин баары тең, анын арасында эки учкуч да табылганы, учкучтардын бири каза болгону кабарланды.


Окуя болгон жердеги тургундар эвакуацияланды. Вильнюс аэропортунун иши кайрадан кадимки тартипте уланды.




Литванын Кризистик башкаруу боюнча улуттук борборунун башчысы Вилмантас Виткаускас Boeing учагынын кыйрашын кырсык деп атады жана анын себеби иликтенип жатканын айтты.


Би-Би-Си Delfi басылмасына таянып жазгандай, полиция кызматкерлери бул теракт болушу ыктымалдыгы тууралуу суроого андай версияны да изилдеп чыгышарын айтып жооп берди.


Орусия трансатлантикалык каттамга чыккан учактарды жардырышы ыктымал экенин, DHL компаниясы Германиянын жана Улуу Британиянын аймагында кабылган окуялар алгачкы диверсия болгонун буга чейин WSJ басылмасы жазган.


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков андай ыктымалдыкты четке кагып, "түшүнүксүз маалымат таратып жатышканын" билдирген. (RK)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Автор уникального достижения высказалась о победе над Рыбакиной






Bloomberg: Европе придется пожертвовать соцрасходами для укрепления обороны

Эксперт предупредила об опасности подключения к Wi-Fi в общественных местах

В РПЦ прокомментировали традицию размещения фотографий на надгробьях

Один из адвокатов Diddy решил прекратить его представительство.