Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Ноокат: Мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулуна издөө жарыяланды

0
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулуна издөө жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирди.


20-ноябрда социалдык тармактарда Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен Тимур Абдисатар уулуна окшош адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканын көрүүгө болот.


Бул тасмага байланыштуу Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери (М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т.) жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы (М.Н) кармалып, 20-январга чейин камакка алынды. Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып тагылууда. Тергөө иштери уланып жатат.


Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.


Сөз болуп жаткан видео Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын ошол учурдагы жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкандан кийин чыккан.


Кийин Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулуп, Талгат Өскөналиев кызматынан төмөндөтүү менен жумуштан алынган. (BTo/DSh)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Дубай (ATP). 1-й круг. Хачанов встретится с Эвансом, Циципас – с Сонего, Баутиста-Агут сыграет с Марожаном






Бренд народных художественных промыслов Нижегородской области «Человечно» представили на выставке «Ладья. Весенняя фантазия – 2025»

Источник 360.ru: змею поймали в подъезде дома на Веерной улице в Москве

Столичные оперативники ликвидировали интернет-магазин по продаже наркотиков

«Рязанское чудо» Хрущёва. Чем закончился самый глупый план «кукурузного вождя»?