Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады
Жыйынтыгында кыз-келиндер арасында Алия Саалыева (50 кг), Милана Шихшабекова (54 кг), Мираида Ташполотова (57 кг), Аделя Асылбек кызы (60 кг), Зарина Асанова (70 кг) чемпион болушту.
Эркектер арасында Асылбек Аманкул уулу (48 кг), Анваржон Ходжиев (51 кг), Зафарбек Камалов (54 кг), Санжай Сейдакматов (57 кг), Рыспек Бектенов (60 кг), Омар Ливаза (63.5 кг), Алмаз Орозбеков (67 кг), Элдар Турдубаев (71 кг), Ислам Тургунов (75 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг), Эркин Адылбек уулу 86 (кг), Бакыт Токтосун уулу (92 кг) жана Мырзакир Кошалиев (+92 кг) өз салмактарында биринчи орунду алышты.
31-октябрда Кыргызстандын бокс федерациясы World Boxing уюмуна расмий түрдө кошулганы белгилүү болгон. Уюм 2023-жылы апрелде түзүлүп, башка өлкөлөрдү кошууга умтулууда. Бирикме Олимпиададагы бокс мелдештерин өткөрүүгө аракеттенип жатат.
World Boxing уюму АКШнын Колорадо штатында 19 жашка чейинки спортчулар арасында дүйнө чемпионатын - өзү уюштурган алгачкы эл аралык мелдешти өткөрүп, ага Кыргызстандан беш мушкер катышып келген. (BTo)