Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Беларус: "Эркин Европа/Азаттыктын" кабарчысы камалганына үч жыл болду

0
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын кабарчысы Андрей Кузнечик абакта отурганына бүгүн 25-ноябрда туура үч жыл болду. Радио жана укук коргоочулар ал эркиндигинен саясий жүйөдөн улам айрылып отурганын белгилешет.


Эки баланын атасы Кузнечик 2021-жылдын 25-ноябрында ээнбаштыкка шектелип кармалган, мындай айыптоону ал четке каккан. Чегерилген жазаны өтөп бүткөндөн кийин ага экстремисттик топ түзүү тууралуу айып тагылганы белгилүү болгон.  


2022-жылдын июнь айында Могилёв облустук соту журналистти бир күн гана уланган соттук отурумда айыптуу деп таап, алты жылга кескен.




Беларустун түндүгүндөгү Новополоцк шаарындагы түрмөдө Кузнечиктен тышкары 150 чакты саясий туткун, арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын медиаконсультанты, блогер Игорь Лосик, президенттикке талапкер болгон Виктор Бабарико да камалып отурат.


Бул абак өлкөдөгү шарты эң катаал пенитенциардык мекемелердин бири. Ал жакка саясий туткундарды камоо 2010-жылдары башталган. 


Лосик "коомдук тартипти одоно бузуучу аракеттерди даярдаган жана уюштурган" деген айып менен 2021-жылдын декабрь айында 15 жылга кесилген.


2020-жылы Беларуста оппозициянын ири нааразылык акциясы өлкөнүн авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенко кайрадан өзүн президент деп жарыялап алган шайлоодон кийин тутанган. Миңдеген киши митингге чыккан. Акция күч менен таркатылып, көпчүлүгү кармалып, камакка алынган, оппозициянын лидерлери жана айрым өкүлдөрү сыртка чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бир нече киши полициянын зомбулугунан каза тапкан. Укук коргоочулар кармалгандар полициянын жана атайын кызматтын кыйноосуна кабылгандыгынын далили бар экенин айтып жүрүшөт.


Кезектеги президенттик шайлоо Беларуста 26-ноябрда өткөнү жатат. 


Лукашенко камакта жаткан саясий туткундар арасынан дагы 32 кишиге ырайым берүүнү чечкенин "Азаттыктын" беларус кызматы 20-ноябрда жазды. Бирок абакта дагы 1300дөй активист кармалууда. (RK)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Вероника Кудерметова разгромно проиграла Белинде Бенчич во втором круге турнира WTA-500






МЖД: тушить Электрозавод в Москве отправили пожарный поезд

Куда поехать на чистое море в 2025 году? Азовское море и курорт Кучугуры ждёт вас

РИА «Новости»: причиной пожара на востоке Москвы могло стать короткое замыкание

Головная боль и шум в ушах: стало известно, когда снизится аномально высокое атмосферное давление