Садыр Жапаровдун Германияга расмий сапары башталды
Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мындан тышкары, Германиянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.
Германия Кыргызстандын тышкы экономикалык алакасында дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы ондукта, ал эми Европа өлкөлөрүнүн сап башында. Соңку эки жылда сооданын көлөмү кескин секирик жасап, төрт жарым эсеге көбөйгөн. Бул өлкөдө расмий маалымат боюнча 10 миң кыргызстандык жашап, иштейт.
Европадагы 27 өлкөнүн, анын ичинде Германиянын башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.
Макулдашууну жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келатат. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине бурулары кабарланган. (BTo)