Бишкекте балдардын мектептеги укугун түшүндүрүүчү өнөктүк башталды
Акция балдар эмгегин эксплуатациялоонун алдын алуу жана мониторинг жүргүзүүгө багытталган. Анын алкагында мектептерде жана кесиптик билим берүүчү мекемелерде балдарга өздөрүнүн укуктары, эмгекке эксплуатациялоо, гендердик теңчилик принциптери тууралуу маалыматтык иш-чаралар өткөрүлөт.
Өнөктүк Бишкектен тышкары Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларында да жүргүзүлөт.
Кыргызстанда 25-ноябрдан тартып "Аялдардын жана кыздардын укугун коргоо" өнөктүгү "Актоо жок!" деген девиз алдында өтүп жатат.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Милиция буга балдардын ата-энелери миграцияда жүргөнү таасир эткенин билдирген. Ал эми алардын басымдуу бөлүгүнүн жакындары балдардын өлүмүнө айлана-чөйрөсүндөгү буллинг, мектептеги рэкетчилик себеп болгонун айтышкан. (ZKo)