Эрнст Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди
Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев, парламенттин депутаттары жана дарыгерлер менен маркумдун жакындары катышты.
Эрнст Акрамов 26-ноябрда Бишкекте 89 жашында дүйнө салган. Ал илимдин 17 докторун жана кандидатын даярдап, 350дөн ашык илимий эмгек жазып, 23 патент алган. Эл аралык бир катар сыйлыктардын ээси. 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан.
2002-жылдан баштап, Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору болуп эмгектенген. Кыргыз-орус славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болгон.
Эрнст Акрамов 1936-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. (BTo)