Бишкектеги “Ай-Пери” бизнес борборун 568 млн сомго сатуу пландалууда
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик “Ай-Пери” бизнес борборунун мамлекетке караштуу 98,41% акциясын ноябрь айында 559 млн сомго сатыкка койгон. Чыңгыз Ызаков электрондук аукционго эч ким арыз бербегенин, эми аны түз сатуу жолу каралып жатканын айтты.
“Ай-Пери” соода борбору советтик мезгил учурунда борбор калаадагы ири коомдук тейлөө жайларынын бири болчу. Анын ичинде чач тарач, косметика залы, үлпөт салону жана башка тейлөө кызматтары жайгашкан. Кийин өлкө эгемендик алгандан кийин ал имараттын ичинде жеке дүкөндөр, тамактануу жана эс алуу жайлары ачылган.
1985-жылы курулган үч кабат имарат Бишкектин архитектуралык эстелиги да болуп эсептелет. Анын ички дубалдарынын бирине атактуу график сүрөтчү Теодор Герцендин колунан жаралган мозаикалык чыгарма түшүрүлгөн. Ал жерде бар ачылганда сүрөтчүлөр жамааты ошол чыгарманын келечегине кооптонуусун билдиришкен. Бардын ээлери мозаика бузулбаганын, аны гипсокартон менен гана жаап коюшканын айтышкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр ноябрь айында “Ай-Пери” бизнес борборунун имараты уюшкан кылмыштуу топтордон мамлекетке кайтарылганын айткан.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, “РЦА Бишкек” жоопкерчилиги чектелген коому 12-ноябрда гана каттоодон өткөн. Ишкананын ээси катары Нгуен Мань Хунг деген адам көрсөтүлгөн. (BTo)