Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Ливандын Израил менен чек арасындагы тургундары үйүнө кайтууда

0
Ливандын түштүгүндө бүгүн 27-ноябрда таңкы саат 4төн тартып Израилдин жана "Хезболла" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) ортосундагы тынчтык келишими күчүнө кирип, жергиликтүү тургундар үйүнө кайта башташты.


Израилдин да, жергиликтүү армиянын да азырынча ал жакка барбай коё туруу тууралуу эскертүүлөрүнө карабастан адамдар машиналарына буюмдарын жүктөп, топтошуп, жолго чыгып жатышты.


"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.


14 айдан берки атышууну токтотуу тууралуу келишим 26-ноябрда Израилдин макулдугунан кийин кабыл алынды.




Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху телекайрылуусунда мунаса табылганын тастыктап, атышпоо режими "Хезболланын" мындан аркы кадамдарынан көз каранды болорун, эгер ал кайрадан куралдана баштай турган болсо келишимдин бузулушуна себеп катары караларын эскертип, израилдик аскерлердин күчү менен аталган топ "ондогон жылга" артка чегиндирилгенин айтты.


Ливандын премьер-министри Нажиб Микати атышуу токтогонун кубаттап, келишимди "Ливанда тынчтыктын жана туруктуулуктун орношуна карай фундаменталдык кадам" деп атады.


АКШ президенти Жо Байден бул келишим Ливан үчүн жаңы старт болорун, он миңдеген израилдикти үй-жайын таштап качууга мажбур кылган, миңдеген ливандыктын өмүрүн алган 14 айга созулган чек арадагы кармаштан кийин тынчтык орноп жатканын белгиледи.


Ливанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, 2023-жылдын октябрынан бери бул өлкөдө кеминде 3799 адам Израил менен "Хезболланын" тирешинин курмандыгы болду.


Израил 82 аскер кызматкеринен жана 47 жайкын тургунунан ажыраганын билдирүүдө. 


Быйыл 23-сентябрдан бери Израил "Хезболлага" каршы "Түндүк жебе" операциясын жүргүздү. Анын максаты топтун аскердик инфраструктурасын талкалоо жана Израилдин түндүк тилкесиндеги эвакуация болгон жарандарынын үйүнө кайтуусуна шарт түзүү экени белгиленген. Израилдин "Хезболла" менен кармашы күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн.


2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тараптан ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосу болгонун билдирген жана аларга каршы согуш баштаган. Ошондон бери Газада 44 миңдей, Ливанда 3 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо. АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн Газа боюнча ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан эмес. (RK)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Горан Иванишевич

Иванишевич впервые прокомментировал скандал вокруг Рыбакиной и Вукова






Пашинян ждёт ответа Баку на предложение о железной дороге через Зангезур

Ликсутов сообщил о строительстве трех промышленных технопарков в Москве

ФССП: более 80 тысяч мигрантов принудительно выдворили из РФ в 2024 году

В Москве девочке не подарили iPhone из-за того, что она отдала деньги аферистам