Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хандын тарапкерлери жапырт нааразылык акциясын токтото турууну чечти. Анын "Адилеттик үчүн кыймыл" (PTI) саясий партиясынын 27-ноябрда X социалдык түйүнүнө жарыялаган билдирүүсүндө соңку акцияларда жалпысынан алты кишинин өмүрү кыйылганы, алардын төртөө күч кызматкери, экөө демонстрант экени белгиленди.
Партия митингдер убактылуу токтотулганын маалымдап, өкмөттү ырайымсыздыкка айыптады.
Хандын тарапкерлеринин өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынан башталган акциясы борбор калаа Исламабадга чейин жеткен. Алар лидеринин абактан бошотулушун талап кылган.
Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви түндө Исламабадда полициянын атайын коопсуздук операциясы жүргүзүлгөнүн, борбор калаа митингчилерден тазаланганын, жалпысынан 500дөй адам кармалганын билдирген. Андан кийин Исламабаддын полиция башчысы маалымат жыйын куруп, үч күн ичинде кармалгандар 954 адам, алардын 19у ооган жараны экенин кабарлады.
PTI партиясы "кеңешүүлөрдөн кийин жаңы стратегиясын иштеп чыгарын" билдирди. Хандын жубайы Бушра Биби да, негизги санаалашы, Хайбер-Пахтунхванын башкы министри Али Амин Гандапур да Исламабаддан аталган провинцияга кайтышканы маалымдалды.
72 жаштагы Имран Хан PTI партиясынын жетекчиси. Ал коррупцияга байланыштуу бир катар айып боюнча азыркы тапта жаза мөөнөтүн Исламабадда күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөөдө. Өзү жана тарапкерлери тагылган айыптарды бийликтин саясий максаттагы куугунтугу деп атап келишет. Хан Пакистан өкмөтүн 2018-2022-жылдары башкарган. (RK)
Wildgate, the match-based Sea of Thieves in space from Mike Morhaime's new game company, launches this July
Mads Mikkelsen is reprising his Casino Royale role to become Hitman's next elusive target
The Jurassic World Evolution 3 trailer disappointingly doesn't show anyone being bitten in half by a T-Rex, but it does have Jeff Goldblum's dulcet tones and a release date
Leaving Fallen London: How Failbetter Games spent several years growing hope and ‘discovering the art of the possible’ in their new eldritch farming sim
Будут ли магнитные бури сегодня, 10 июня 2025 года?
Ольга Торубарова: Вместе с главой администрации города-Героя Керчь Каторгиным Олегом Николаевич торжественно открыли спортивную страницу XXVII Фестиваля «Боспорские Агоны» на базе санатория «Москва-Крым»
На территории санатория «Москва-Крым» прошли Малые Олимпийские игры
Российский стартап вошел в тройку мировых лидеров по цифровизации патоморфологии