Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Депутат Соцфонд кызматкерлеринин иш сапары үчүн 20 млн сом бөлүнгөнүн сындады

0
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 27-ноябрдагы сессияда Социалдык фонддун кызматкерлеринин иш сапары үчүн мамлекеттик бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөнүн сынга алды. ал Cоцфонддун төрагасы Бактияр Алиевден бул акча кандай максатта жумшаларын сурады.



"20 миллион сом деген өтө көп акча. Кызматкерлериңиз бул акчага кай жактарга барышат?" - деп сурады депутат.



Соцфонддун төрагасы бул акчанын баары иш сапарга колдонулбасын айтып, сумманы кыскартууга убада кылды.



"Бизде шаардык жана райондук 53 башкармалык бар. Андагы кызматкерлер өлкөнүн алыскы аймактарына чейин кыдырып, иш сапарына чыгышат. Акча мына ушуга сарпталат", - деди Алиев.



Анын маалыматына караганда, 2025-жылы Соцфонддун чыгашасы үчүн 120,1 млрд сом каралган.



Дагы бир депутат Таалайбек Сарыбашев Социалдык фонддогу Өнүктүрүү фондунан 226 млн сом кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө сарпталганын сындады. Депутат башкы прокурордун өкүлүнө кайрылып, мунун мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүндү.






Жогорку Кеңеш 27-ноябрдагы отурумунда "Социалдык фонддун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, 1-окуудан кабыл алды.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина установила рекорд в матче с чемпионкой Australian Open






Спустя 20 лет: певец Авраам Руссо подал иск к похитителю

В «Динамо» рассказали, как Тарасов пытался развалить русский хоккей

В Москве состоялась премьера фильма «Северный полюс»

Путин предоставил гражданство России немецкому архитектору Карстену Винкельсу